Абитуриент-2017: ЖОЖго тапшыруунун шарттары, келишимдик жана бюджеттик орундар

© AFP / MICHAEL DALDER / POOLЭкзамен тапшырып жаткан бүтүрүүчү. Архив
Экзамен тапшырып жаткан бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер окууга тапшырууга ниеттенип, бирок, кандай документ талап кылынары, абитуриенттер кайсы баскычтардан өтөрү жана өтүү чеги канча балл экендиги боюнча так маалыматыңыз болбосо, бул материал сизге жардамга келет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги республиканын жогорку окуу жайларына тапшыруунун эреже жана шарттарын жарыялады.

Обладатель высшего балла ОРТ-2017 Абай Жанузаков - Sputnik Кыргызстан
ЖРТдан озуп чыккан Абай: президенттин жанына отурганда муунум калчылдап калды
Окуунун бардык түрүнө кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы (ЖРТ) боюнча жүргүзүлөт.

Келишимдик негизде тапшырууну каалаган абитуриент окуунун түрүнө (күндүзгү, сырттан жана кечки) карабай, негизги тест – ЖРТ тапшырууга милдеттүү. Предметтик тесттин жыйынтыгы ылайык келген багыт боюнча кабыл алууда артыкчылык берет.

Окууга тапшыруу сынагы жогорку окуу жайлардын өзүндө өтөт.

Кандай документтер талап кылынат?

ЖОЖго тапшырууда абитуриент топтой турган документтердин тизмеси:

  • паспорт;
  • мамлекеттик үлгүдөгү орто билими тууралуу (аттестат) жана кесиптик орто билимин тастыктаган (колледждин диплому) документ;
  • Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) сертификаты;
  • 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт — 6 даана;
  • аскердик билет же катталганы боюнча күбөлүгү (аскер милдеттенмелерин алгандар үчүн);
  • эгер абитуриент жеңилдик сураса, себебин тастыктоочу кошумча документтер.

ЖРТ жыйынтыгы маданият, искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерин тандагандар үчүн милдеттүү шарт эмес.

Балл

2017-жылга окуунун бардык түрү боюнча бирдиктүү өтүү чеги: негизги тест — 110, ар бир предмет боюнча — 60 балл белгиленген.

Сотрудник агентства профессионально-технического образования при Министерстве труда, занятости и миграции КР Бегайым Орозакунова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Орозакунова: кесиптик лицейлерге 30 миңден ашуун абитуриенттин келиши күтүлүүдө
Грант алуу (бюджеттик орун) жана келишимдик негизде билим алуу үчүн негизги тест боюнча 110 баллдан жогору алгандар гана киргизилет.

Кошумча предметтик тестти талап кылган адистиктер боюнча сынакка негизги тесттен 110 жана предметтик тесттен 60тан жогору балл алгандар катыша алат. Сынак эки тесттен тең топтолгон баллдын суммасына жараша жүргүзүлөт.

Кошумча предметтик тестке милдеттүү шарт болгон адистик жана багыттар (медициналык багыттардан башкасы) боюнча келишимдик негиздеги окуу түрүнө предметтик тесттерди тапшырбаган, бирок негизги тест боюнча 110 балл алган абитуриенттер да киргизилет.

Негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 балл алган мыкты окуучуларга ар бир предметтик тестке 20 баллдан кошулат.

Баскычтар

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу эки-үч айлампа менен жүрөт. Сынактык кабыл алуунун эрежелери бардык жерде бирдей.

Кабыл алуу сынагы 10-июлда башталган. Талондорду чогултуу 12-июлда саат 14.00дө аягына чыкты. 13-июль күнү саат 10до кабыл алынууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинди.

Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду. - Sputnik Кыргызстан
Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду
Сынактан өткөн абитуриент 15-июлдан кечикпей тандаган багыты боюнча окууга каалоосу бар экендигин тастыктоого тийиш, болбосо, анын орду бош деп саналып калат.

Эгер биринчи айлампадан кийин окуу жайда бош орун калса, анда 17-22-июлга чейин кабыл алуунун экинчи айлампасы өтөт.

Үчүнчү айлампа Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гана 24-29-июль аралыгында өтүшү мүмкүн, ага катышуу үчүн абитуриент ЖРТнын сертификатын пайдаланат.

Окуунун сырттан окуу жана кечки түрүнө кабыл алуу мөөнөтүн ЖОЖ өз алдынча аныктайт.

Бюджеттик орунга жеңилдик менен кабыл алуу

Гранттык (бюджеттик) орунга сынаксыз кабыл алынчулар:

  • ЖРТда мыкты жыйынтык көрсөткөн 50 абитуриент;
  • 2016-жылы республикалык олимпиадаларда I же II орунду ээлеген, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, эгер алар тандаган адистик жана багыттарга олимпиада предмети туура келген абитуриенттер (Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы – милдеттүү шарт);
  • Педагогикалык багыттарга – республикалык олимпиадада III орунду ээлеп, предмети адистикке ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан абитуриенттер.

Гранттык орунга тапшыруу үчүн абитуриент биринчи айлампада сертификаттын эки талонун, экинчи айлампада бирин колдоно алат. Ал эми келишимдик негизде окуу түрүн тандаса, сертификаттын талондорун абитуриент өзү каалагандай пайдаланат.

Бюджеттик окуу түрүнө кабыл алууда абитуриенттердин социалдык категориялары эске алынат:

  • Бишкектеги мектептердин бүтүрүүчүлөрү;
  • Облустук борборлордун жана кичи шаарлардын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү;
  • алыскы тоолуу аймактарда жайгашкан айылдык мектептердин жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү;
  • жеңилдик алчу абитуриенттер (I жана II топтогу майып, бийик тоолуу аймактардын тургундарына теңдештирилгендер, жеңилдик жана кепилдиктер боюнча — согуштун катышуучулары жана майыптары, балачагынан майыптар, майып балдар, жетим жана кароосуз калган балдар, запастагы аскер кызматкерлери, 2010-жылы курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамындагылар).

Вручение золотых сертификатов лучшим выпускникам школ КР - Sputnik Кыргызстан
Алтын сертификат: кайсы облустан зээндүү балдар көп чыкты? Инфографика
Ар бир категория чегинде өзүнчө сынак өткөрүлөт. Жеңилдик алган абитуриенттер өзүнчө белгиленген квота алкагында гранттык окуу түрү боюнча кабыл алынат.

63 миң бүтүрүүчүдөн 224ү гана артыкчылык аттестат алышкан

Бюджеттик орундарга кабыл алынган студенттер менен окуу жайды аяктагандан кийин ишке милдеттүү бөлүштүрүү боюнча үч тараптуу келишим түзүлөт. Жогорку окуу жай тийиштүү адистик жана багыттар боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен кадрларды даярдоого, жумуш берүүчү жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн белгиленген багыт жана адистиктер боюнча ишке орноштурууга милдеттенме алат.

Келишимдик орундар

Окуунун бул түрүнө абитуриенттердин категорияларына карабастан кабыл алынат.

Экинчи жогорку билим

Окуу жайга жогорку жана ыкчамдатылган программалар боюнча орто кесиптик (колледж) билимдин базасында тапшырып жаткандар жогорку окуу жай тарабынан өз алдынча жүргүзүлчү аттестациялык сыноолордун жыйынтыгынын негизинде киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0