Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖамгын учурунда көчөдө бараткан кыздын архивдик сүрөтү
Жамгын учурунда көчөдө бараткан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ишембиде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Электр зымдарын оңдоо архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын бир катар аймактары төрт күн караңгыда калат
Ага ылайык, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Чүй жана Талас өрөөнүндө 21…26 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 28…33 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 20…25 градус ысык болот.

Ал эми Ош менен Бишкек шаарларында 33 градуска ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0