Шашылыш билдирүү! Нөшөрлөп жаан жаайт

© AFP / WILLIAM WESTСильный дождь в Сиднее
Сильный дождь в Сиднее - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет

БИШКЕК, 14-Июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылышы билдирүү таратты. Анда 14-16-июль күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүндүгү айтылат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетип, күндүз абанын температурасы төмөндөйт.

Ошондой эле жаан-чачындан улам өлкө аймагындагы суулардын деңгээли көтөрүлөт. Мындан улам жээктер жуулуп, жакын жайгашкан аймактарды суу капташы мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы мал жайгандарга, унаа транспортуна, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иштешине таасирин тийгизиши ыктымалдыгын ӨКМ эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0