12:23 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Тоодогу турист. Архив

Кымыз ичип, тоо аралап ат минем! Кыргызстандыктар кызыккан эс алуунун түрлөрү

© Фото / Азамат Айтбаев
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
39520

Жай мезгили ортолоп, эл эмгек өргүүсүн алып, эс алууга чыга баштаган мезгил. Алардын көпчүлүгү Көлдү көздөй "агылса", айрымдары жайлоого же жаратылыш койнуна көңүл ачууга кетип жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жылдан-жылга сырткы туризм менен катар эле ички туризм да өнүгүп, эл эс алгандын ыгын биле баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз туроператорлор бирикмесинин президенти Асылбек Ражиев билдирди.

Анын айтымына караганда, кыргызстандыктардын көбү Ысык-Көлгө барса, Оштогу Сулайман-Тоо, Таластагы "Манас Ордо", Нарындагы "Таш-Рабат", Жалал-Абаддагы Сары-Челек сыяктуу кооз, өзгөчө жерлерди көрүүгө ашыккандардын катары да калыңдай баштаган.

Адис ошондой эле кыргыз жарандары өлкө ичиндеги кайсы аймактарда, кантип эс алаарын жана ички туризмди өнүктүрүүдө негизги өзөктүү маселе эмнеде экенин кенен айтып берди.

Вид с высоты на пляж озера Иссык-Куль и село Булан-Соготту. Архивное фото
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Кыргызстандыктардын көбү эс алууга Ысык-Көлгө барышат

Кереметтүү Ысык-Көл

Азырынча ички туризм боюнча Ысык-Көл алдыда. Себеби ал жакта тейлөө кызматтары жакшы өнүгүп, эс алуучулар үчүн тиешелүү шарттар каралган. Мындан улам кыргызстандыктардын анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынын көбү кереметтүү Көлгө барышат.

Речка в Национальном природном парке Ала-Арча
© Фото / Геннадий Закиров
Эко туризм тармагы да жанданып тоого барып кооз жерлерди жөө же ат менен кыдырган жаштар көбөйүүдө

Эко туризм

Эко туризм — ички туризмдин жаңы формасы. Мында көбүнчө шаарда окуган, иштеген жаштар тоого барып алыскы жайлоолорду, кооз жерлерди жөө же ат менен кыдырып келишет. Негизи эко туризмди жөө туризм ассоциациялары уюштуруп жүрөт. Бирок алардын кызматын баары эле колдоно бербейт. Анткени айрым жарандар өз унаасын айдап алып үй-бүлөсү же теңтуш-достору менен каалагандай эс алууну жактырышат.

Мисалга Бишкек шаарынын тургуну Адис Чапаевдин үй-бүлөсүн алса болот. Ал жубайы Эльвира Байсаева экөөбү өлкө ичиндеги кооз жайларды кыдырып эс алууну адатка айлантып алышкан.

"Кыргызстанда укмуштуудай кооз жерлер бар. Былтыр үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлдүн күңгөй тарабын кыдырып Григорьевка капчыгайына, Көк-Жай жайлоосуна бардык. Тамтыгы чыккан жолдордон бир аз кыйналганыбыз менен жаратылыштын кооздугун көргөндө баарын унутуп калдык. Быйыл болсо атабыз Жалал-Абаддагы Сары-Челек көлүн көрсөтүп келем деп жатат", — деди Эльвира Байсаева.

Горное пастбище в Суусамырской долине
© Sputnik / Владимир Пирогов
Бээнин сүтүн ичем деген эс алуучулар Чүй облусунун четиндеги тоолорго, Суусамыр, Нарын өрөөндөрүнө арбын каттай башташты

Кымыз

Ички туризмдин жаңыдан кулачын жая баштаган дагы бир түрү — бул кымыз. Акыркы он жыл ичинде кадимкидей бул тармакта шарттар жакшырып атайын эс алуу жайлар, комплекстер ачылган. Көпчүлүгү бээнин сүтүн ичем деп Чүй облусунун четиндеги тоолорго ошондой эле, Суусамыр, Нарын өрөөндөрүнө арбын каттай башташты.

Чоң-Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Үзүр Макеев мындан төрт-беш жыл мурун жубайы менен эч ким жашабаган суусу, жарыгы жок жерге чакан үй курган. Кийин ал жерге бээ байлап, эс ала турган жай ачып алган. Азыр анын чакан бизнеси гүлдөй баштаган мезгил. Анткени жаратылышка суктанып келген туристтер менен катар бишкектиктердин дагы саны көбөйгөн.

"Келинчегим экөөбүз башында бээ саап, сүтүн сатчубуз. Суроо-талап көп боло баштагандан улам тоонун ортосуна (кокту) чакан үй салдык. Негизи бул жайды туристтерге ылайыктап салганбыз. Бирок кийинчерээк шаар тургундары да акырындап келип, азыр туруктуу кардарга айланышты. Көпчүлүгү бээ сүтүн ичкенге келишет", — деди Макеев.

Современная горнолыжная база Каракол расположена в семи километрах от города Каракола
© Фото / Сергей Ершов
Кышкы туризм да өлкө жарандарынын арасында популярдуу эс алуу формасына айлана баштады

Кышкы туризм.

Кышкы туризм да өлкө жарандарынын арасында популярдуу эс алуу формасына айлана баштады. Жылдан – жылга өлкөдө бардык шарты менен тоо лыжа базаларынын саны көбөйүп, ал жакта көбүнчө өзүбүздүн жарандар эс алат. Ал эми чет өлкөлүктөр аз.

Ички туризмди өнүктүрүүдөгү негизги факторлор

Муну менен катар Асылбек Ражиев ички туризмди өнүктүрүүдөгү негизги факторлорду да атап өттү.

"Ички туризмди алдыга жылдыруу үчүн элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу керек. Анткени саякаттоого, эс алууга, ден соолукту чыңдоого баары бир каражат керек. Ошондой эле инфраструктура менен тейлөө кызматы да жакшырбаса ички туризм кайра артка кетет", — деди Ражиев.

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Ажайып Кыргызстан — Сары-Челек кыргыз бермети

Адистин мындай пикирине эс алуучулар да кошулат. Анткени алыскы аймактарда, тоолордо жайгашкан кооз жайларга саякаттайм деген эс алуучу аңгыл-дөңгүл жолдон чарчап, начар шартка ынанбай калуусу толук мүмкүн.

"Кыргызстандагы кооз жайларды кыдырайын десең тамтыгы чыккан жолдор маанайды бузат. Туздуу-Көл, Григорьевка жерлерине барабыз деп унаабыз талкаланып калды. Элдин баарында жол тандабас жок да. Тиешелүү шарт жок, ажаткана дээрлик кездешпейт. Мисалы Туздуу-Көлгө барып калсаң сууга түшкөн кабиналардын саны жетишпейт. Дарылык касиети бар баткак шыбанып, туздуу сууга түшүп жуунайын десең бир эле душ. Ага элдин баары кезекте турат. Анысы аз келгенсип суусу мупмуздак. Ушундай майда нерселер адамдардын маанайын түшүрүп, кайра дагы келүүгө каалоону кетирет", — деди эс алуучу Адис Чапаев.

Ал эми туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Кыргызстанда туризм жаңы гана өнүгө баштагандыктан тейлөө жагы аксап жатканын, бирок жакынкы аралыкта жөнгө салынаарын билдирди.

"Туризмде тейлөө жагы азырынча аксап жатканы менен беш жылдын ичинде бутка турат деген үмүт бар. Учурда мамлекеттик тарыхый жерлерге шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Ал эми мейманка, эс алуу жайларды курууну жеке секторлор ойлоно башташы керек. Ошондо гана ал жактарга жеке эле туристтер эмес, өзүбүздүн жарандар да келе баштайт",— деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле өлкө ичинде эс алуу чет өлкөлөргө салыштырмалуу көп деле каражатты талап кылбай турганын баса белгилеп, болгону каалоо болуш керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Департамент: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин саны өстү
National Geographic рейтингине Орто Азиядан Кыргызстан гана кирди
Кыргызстан ислам туризми боюнча рейтингде алдыңкы орунда турат
Кыргызстан казак туризми үчүн өтө кооптуу. Казакстандык экономист менен маек
Белгилер:
саякат, туризм, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ