Жалал-Абаддыктар коопсуздук чаралары сакталбаган суу сактагычка түшүүдө

© © SputnikОтдыхающие у водохранилища Кайырма Базар-Коргонского района
Отдыхающие у водохранилища Кайырма Базар-Коргонского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайырма суу сактагычы сууга түшүүгө эмес, балык чарбага жана суу топтоого ылайыкташкан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары ысык күндөн сактануу үчүн Кайырма суу сактагычына түшүп жатышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык кабарчы билдирди.

"Жергиликтүү эл акыркы эки күндөгү ысыкта үйдө отуруу татаал болуп калганынан суу сактагычка келип жатышканын айтат. Бул жерде маселе — Кайырма суу сактагычы сууга түшүүгө эмес, балык чарбага жана суу топтоого ылайыкташкан. Бирок жыл сайын күн ысыган маалда сууга түшкөндөрдүн аягы суюлбайт", — деп аймактык кабарчы жергиликтүү бийликке шилтеме берип маалымдады.

Куткаруучулар жок болгондуктан, бул жерде сууга түшүү кооптуу экенин жергиликтүү бийлик дагы айтып келет.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 9-июль күнү республиканын түштүк аймагында, анын ичинде Жалал-Абад облусунда күндүн ысыгы 37…42 градус болоору айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0