Президенттик шайлоодо үгүт иштерин 258 ЖМК чагылдырат

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүАктивисты движения "Прописке.нет"
Активисты движения Прописке.нет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоодо үгүткө катышууну каалаган ЖМК жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алуу 4-июлда аяктаган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Быйыл 15-октябрда боло турчу президенттик шайлоонун үгүт иштерин 258 ЖМК чагылдырарын Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

"7-июлда БШК КР президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүнүн жыйынтыгын чыгарды. БШК 56 теле канал, 29 радио, 116 гезит-журналдар, 57 интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөргөн", — деп айтылат маалыматта.

Президенттик шайлоодо үгүткө катышууну каалаган ЖМК жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алуу 4-июлда аяктаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы "Жигер", "Нур-Пресс" ЖЧКларын каттоодон баш тарткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0