Жекшембиге карата аба ырайы. Синоптиктер ысык 42 градуска жетээрин айтышты

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү жаан-чачын күтүлбөйт, кээ бир аймактарда ысык 42 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бассейн – 2017. Сизге ыңгайлуу баа, дарек, шарты менен... - Sputnik Кыргызстан
Бассейн – 2017. Сизге ыңгайлуу баа, дарек, шарты менен...
Ага ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Алай өрөөнүн чыгышында жана Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 36…41 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 37…42 градус, Ысык-Көл менен Нарында 28…33 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында болсо күн ачык болуп, ысыктыгы 41 градустан ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0