Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОзеро Комсомольское в Бишкеке
Озеро Комсомольское в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 6...8 градус жогору болот

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ишембиде ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сильная пыльная буря в Кувейт-Сити - Sputnik Кыргызстан
Кувейтте күндүн ысыгынан асфальт эрип, унаанын дөңгөлөгү батып кеткен
Көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 6…8 градус жогору болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 37…42 градус болот.

Ысык-Көл ойдуңунда 30…35 градус, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 32…37 градус жылуулукка чейин көтөрүлөт. Ош жана Бишкек шаарларында 40 градуска чейин ысык болот.

Аба ырайынын мындай ченемден тышкары ысык болгон учурунда денени күйгүзүп жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө сунуш кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0