Жыл башынан бери коррупцияга шектелип 7 милиционер жумуштан куулду

© Sputnik / Табылды КадырбековУвольнение сотрудников милиции
Увольнение сотрудников милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл жаңыргандан тарта Кайгуул милициясынын 600гө жакын кызматкери жазаланган

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери Кайгуул милициясынын жети кызматкери жумуштан айдалганын ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, биринчи жарым жылдыкта башкармалыктын 586 кызматкери жоопкерчиликке тартылган.

"Жумушунан тогуз кызматкер кол жууду. Анын жетөө (экөө Жалал-Абадда, төртөө Бишкекте, бирөө Ошто) жарандардын арызы жана коррупциялык көрүнүштөрдөн улам кызматынан кетти. Аларга карата кылмыш иши козголду", — деди Саркулов.

Ал кызматтан кетирүүгө этика эрежелеринин бузулушу дагы себеп болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0