Кыргызстанда жол кырсыгынан күнүгө эки адам каза таап, 20сы жаракат алууда

Жазылуу
Кайгуул милициясы жол кырсыктарынын саны көбөйүп жатканын айтты

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 2017-жылдын биринчи жарымында жол кырсыгынан 300дөн ашуун киши каза тапканын ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында билдирди. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевЗаместитель начальника Главного управления ПМ МВД Ыманалы Саркулов
Заместитель начальника Главного управления ПМ МВД Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Заместитель начальника Главного управления ПМ МВД Ыманалы Саркулов

Анын айтымында, жарым жылдын ичинде өлкө жолдорунда 2 583 кырсык катталган.

"Натыйжада 307 киши каза болуп, 3 834 киши ар кандай жаракат алган. Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 4,2 пайызга өскөн. Көз жумгандардын саны 23,2 пайызга кыскарганы менен жабыр тарткандардын саны 2,6 пайызга жогорулап кеткен", — деди Саркулов.

Кол кырсыгынан жабыркаган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандуу июнь. Өткөн айда өмүр жалмаган жол кырсыктары
Ал I кварталда абал бир топ кыйындап кеткенин, бирок жарым жылдын жыйынтыгы менен кырдаал жакшы жашы жагына оогонун белгиледи.

Муну менен бирге Саркулов алты айдын ичинде жашы жете элек балдардын катышуусу менен 569 жол кырсыгы катталганын, андан 30 бала каза таап, 637 өспүрүм жапа чеккенин кошумчалады.

Бирок буга карабастан, былтыркы жылдын биринчи жарымына караганда жагдай жакшырганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0