Аба ырайы: Бишкек шаарында күн 37 градуска чейин ысыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековПалящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары
Палящее солнце или как спасаются бишкекчане от жары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. 4-июлда Бишкек шаарында 37 градуска чейин күн ысый турганын Кыргызгидрометтен билдиришти.

Начальник управления госэкотехинспекции Айнура Кенжебаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кенжебаева: 13 миң гектардай кайрак жана сугат жерлерине салынган үйлөр аныкталды
Маалыматка ылайык, түндө 18…20 градус жылуу болот. Ал эми Ош шаарында күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн 20…22 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй, Таласта 35…37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 31…36 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл менен Нарында күндүн табы 23 градустан 30 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0