Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Геннадий ЗакировПрирода Кыргызстана. Долина реки Кокомерен
Природа Кыргызстана. Долина реки Кокомерен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкектеги катуу шамалдын кесепети - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги катуу шамалдын кесепети. Көчөдөн алынган сүрөттөр
Ага ылайык, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 22…27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 24…29 градус, Ысык-Көл менен Нарында 16…21 градус жылуу болот.

Бишкек жанан Ош шаарларында жаан жаап, 27-29 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0