Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү Кыргызстандын тоолуу райондорундо жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 29…34 градус, Таласта 28…33 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 31…36 градус, Ысык-Көл менен Нарын облустарында 25…30 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жана Ош шаарларында күн ачык болуп, 34 жана 35 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0