Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала аз кандуулуктан жапа чегет

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү майыптуулукту жана өнүгүүнүн тубаса оорулардын алдын алуу үчүн балдар арасында аз кандуулуктун деңгээлин азайтуу маселесин талкуулашты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала аз кандуулуктан жабыркайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин уктуруусунда маалым болду.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) маалыматы боюнча, өлкөдө эки жашка чейинки балдардын 26 пайызы аз кандуулуктан жапа чегет. Мындан тышкары, өлкөдө аялдардын 42 пайызынан фолий кислотасынын таңсыктыгы байкалат. Аз кандуулуктун кесепетинен төрөттөн кийин аялдын каны токтобой калган учурлар бар.

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекте гана кездешкен гемофилия. Токтобой аккан кан, тукум кууган дарт
"Аз кандуулук балдардын интеллектуалдык жана дене бой өнүгүүсүн кечеңдетип, келечекте аз киреше табууга өбөлгө болору белгилүү болду. Кош бойлуу аялда фолий кислотасынын жетишсиздигинин кесепетинен түйүлдүктүн нерв түтүкчөсүндө тубаса кемтиктер пайда болуп, бул баланын майып болуп төрөлүшүнө алып келет. Тубаса оорулар менен төрөлгөн бардык балдардын арасынан нерв түтүкчөсүндөгү кемтик экинчи орунду ээлейт", — деди Саламаттык сактоо министрлигинин ЭБКУБ невропатологу Нурмухамед Бабажанов.

Мындан улам депутаттар темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулуктун жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса ооруларынын деңгээлин азайтууга багытталган "Нан унун байытуу жөнүндө" мыйзамын карап чыгышты. Бирок учурда мыйзам күчүнө кире элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0