Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 33…34 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 30…35 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарында 27…28 градус жылуу болот.

Ош менен Бишкек шаарларында болсо күн ачык болуп, 35 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0