ӨКМ: дарыялар толкуп-ташып, жээктерди суу жеп кетиши мүмкүн

Жазылуу
Министрлик дарыялардын нугу көтөрүлүп, анын кесепетинен аймактагы жер тилкелерин суу каптоо кооптуулугун билдирип, тиешелүү тараптарга алдын ала эскертүү берди.

БИШКЕК, 15-июн.— Sputnik. Бүгүн тоолуу көлдөрдүн деңгээли көтөрүлүп, суунун нугу толуп, жээктерди жууп кетүү кооптуулугу бар. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

15-июнга карата өлкө аймагындагы дарыялардын көбүнүн суусу орто эсеп менен 1-8 см көтөрүлүп жатат.

"Чу дарыясы — 20 см., Нарын — 10-14 см., Көк-Арт – 11 см., Исфайрам-Сай — 13 см. көтөрүлгөн", — деп жазды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Терек-Сай айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп турак жайларды каптаган - Sputnik Кыргызстан
Аксынын Терек-Сай айылында сел жүрдү. Кырсыктын видеосу
Суусунун агымы нормадан 126-273 пайыз арбып кеткени Жыргалаң, Чоң-Ак-Суу, Ала-Арча, Кара-Балта, Чоң-Кайынды, Чу, Нарын, Талас сууларында, Узун-Акмат, Чычкан, Падыша-Ата, Афлатун, Көк-Арт, Чангет, Кара- Кулжа, Зергер жана Исфайрам-Сай дарыяларында аныкталды. Ал эми Үрмарал, Күркүрөө-Суу, Узун-Акмат, Чычкан, Тар, Кара-Кулжа жана Кызыл-Суудагы суунун агып чыгышы кооптуу чекке жеткен. Күмүш-Тоо дарысында кооптуу абал түзүлгөн. Ал эми Куршаб, Жазы, Ак-Буура жана Араван-Сайда агым азайып кеткен.

Министрлик мындай абалдан улам, суунун нугу көтөрүлүп, жээктерди жеп, аймактагы жер тилкелерин суу каптоо кооптулугун билдирип, тиешелүү тараптарга алдын ала эскертүү кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0