ӨКМ: куткаруучулар жыл башынан бери 145 адамды ажалдан арачалап калган

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкм кызматкери машыгуу учурунда. Архив
Өкм кызматкери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
161 кызматына жардам сурап кайрылгандардын ичинен эшиги жабылып, көчөдө калгандар көп болгон.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жыл башынан бери куткаруучулар 145 адамды сактап калган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"ӨКМдин кыйын кырдаалдар боюнча борборунун жетекчиси Мухаммед Сваров куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр акыркы беш айдын ичинде 145 кишинин өмүрүн сактап калганын билдирди. Анын ичинен 46 адам жол кырсыгына кабылгандар болуп чыкты", — деп жазылган маалыматта.

Эгерде сандар боюнча тизмектей келгенде, кыйын кырдаалда 65, көлмөлөрдө 2, өрттө 32 адам туткундалып, ӨКМ аларды ажалдан арачалап калган.

161 кызматынын өкүлдөрү жогорудан башка ар кандай абалда калгандарга жардам берген. Кайрылгандардын ичинен эшиги жабылып, көчөдө калгандар көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0