Жекшембиге карата аба ырайы

© AFP / ED JONESПроливной дождь в Сеуле
Проливной дождь в Сеуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши болжолдонууда.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши болжолдонууда.

Бишкекте 25…27 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы 28…30 градуска чейин көтөрүлөт. Чүй менен Таласта 22…27 градус жылуу болсо, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 25…30 градус ысык болору күтүлүп жатат. Ысык-Көлдө 18…23, ал эми Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0