14-февраль сүйүү эмес, жароокерлик күнү катары майрамдалышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных.
14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтом кабыл алынса, 14-февраль жароокерлик жана мээримдүүлүк күнү катары майрамдалат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. КСДП фракциясынан парламент депутаты Айнуру Алтыбаева жыл сайын 14-февралда бейрасмий майрамдалып жүргөн сүйүү күнүн башка майрамга алмаштырууну сунуштады.

КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Орозова: жаңы төрөлгөн балдарга 4 миң сомдон сүйүнчү берилет
Депутат ал майрамга альтернатива катары жароокерлик жана мээримдүүлүк күнүн белгилөөнү туура көрөт.

Бул тууралуу токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздемеде көрсөтүлгөндөй, долбоордун негизги максаты — кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан маданий баалуулуктарын өзүнө сиңирген инсандарды өстүрүү.

Маалыматка караганда, эгер парламенттин бул токтому кабыл алынып калса, майрам расмий майрамдалат, бирок дем алыш күн болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0