Милиция жол кырсыгынан каза болгондордун саны азайганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековНаезд на пешехода на проспекте Чуй
Наезд на пешехода на проспекте Чуй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициянын башчысы жолдогу абал боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Быйылкы жылдын төрт айында жол кырсыгынан каза болгондордун саны былтыркыга салыштырмалуу төрттөн бирге азайган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМ алдындагы коомдук кеңеш бейшемби күнү Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баевдин отчетун укту.

"Жыл башынан бери төрт ай ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгынын саны 25,1 пайызга (207ден 155ге чейин) кыскарган. Ал эми каза болгондордун саны 2016-жылга салыштырмалуу 20 пайызга (254төн 155ге чейин) азайган", — деп айтылат отчетто.

Ошондой эле жол кырсыгынан каза болгон балдардын саны да төмөндөгөн. Быйыл январь-апрель айында жол кырсыктан 11 бала каза болсо, былтыр ушул мезгил аралыгында 36 бала мерт кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0