Быйыл өлкө аймагында 2 миллион козу эмделет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКош-Агачский район Республики Алтай
Кош-Агачский район Республики Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдөөнү ишке ашыруу үчүн "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорунун алкагында 2017-жылга 2 миллион вакцина 143 миңден ашуун долларга сатып алынган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 2017-жылдын ичинде быйыл туулган эки миллион козуга бруцеллезго каршы эмдөө жүргүзүү пландалып, бүгүнкү күндө иштин 40 пайызы бүттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Жаныбарлардын ден-соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев билдирди.

Эмдөө жылына бир жолу 4-5 айлык козуларга жүргүзүлүп, малдын иммунитети төрт жылдан ашык сакталат.

"Жаш малды эмдөөгө июнь-август айлары эң оптималдуу мезгил. Учурда иштин 40 пайызын бүттүк, калганын августка чейин бүтөбүз", — деди Абдраев.

Маалыматка караганда, бул эмдөөнү ишке ашыруу үчүн "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорунун алкагында 2 миллион вакцина 143 миңден ашуун долларга сатып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0