ӨКМ: беш айда жүргөн көчкү тогуз жылга тете болду

© Фото / Зульфия ТургуноваСход оползня в селе Аюу Узгенского района
Сход оползня в селе Аюу Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл күн сайын бирден жер көчкү катталууда. Жыл башынан бери бул жаратылыш кырсыгынан 34 киши каза болгон.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда жер көчкүлөр адаттан тыш көп катталып жатканы боюнча ӨКМ атайын видеоролик жарыялады.

Министрликтин билдиришинче 1990-жылдан 2016-жылга чейин өлкөдө 518 жер көчкү жүргөн.

"2017-жылдын беш айында 158 жер көчкү жүрдү. Ушундай эле көлөм акыркы тогуз жылда катталган. Анын кесепетинен 34 киши каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы табигый кырсыктар каттала турган кооптуу аймактар. Карта - Sputnik Кыргызстан
Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлер
Кооптуу делген аймактарда 5 146 үй бар, 1 871 үй-бүлө материалдык жардам жана көчүп кетүү үчүн жер тилкелерин алган. Бирок алар көчүп кеткен эмес. 2 465 үй-бүлө көчүрүлгөн.

Өкмөт 2004-жылы кооптуу аймактарда жашагандарды көчүрүү боюнча токтом кабыл алган. ӨКМ чыгарылган токтомду убагында аткаруу адам өлүмүнүн алдын ала турганын эскертет.

Эске салсак, 2017-жылы 29-апрелде Ош облусунун Аюу айылында жер көчүп, 24 кишини басып калган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0