Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСоревнования по дрифту в Великом Новгороде
Соревнования по дрифту в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жекшембиден тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарында 20…25 градус, тоолуу райондордо 7…12 градус, бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот.

"Бишкек жана Ош шаарларында 33-34 градус ысык болушу күтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0