Депутаттар тамекинин чекене баасын көтөрүүнү сунуштоодо

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТамеки сатуу. Архив
Тамеки сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул багытта өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилип, демилге жактырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында чылымдын чекене баасын жогорулатуу маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, сунушту комитетте Дастан Бекешев, Альфия Самигуллина жана Евгения Строкова көтөрүп чыгышкан.

"Эң арзан чылымдын бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл. Ошондой эле кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керек", — деди Самигуллина.

Бул багытта өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилип, демилге жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0