Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 27…32 градус, Ысык-Көл менен Нарында 22…27 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 30-32 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0