Кыргызстанда аз айлык ала баштаган кесип ээлери. Тизме

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куруучулардын, маданият чөйрөсүнүн жана илимий кызматкерлердин маянасы маанайларын чөгөртө турган болуп калды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Соңку убакта Кыргызстанда кандай жумуштар бааланбай баратканын Улуттук статистикалык комитет тактады.

Мугалим сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мугалимдердин пенсиясын эки эсе көбөйтүү сунушталууда
Аталган мекеменин маалыматы боюнча, курулуш тармагында маянанын бештен бир бөлүгү кыскарган. Маданият чөйрөсүнүн жана көңүл ачуу жаатынын кызматкерлеринин айлык акысы үч пайызга төмөндөдү. Буларга катар эле илимий кызматкерлер да аз маяна алмай болушту.

Ал эми кен байлыктарын өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу жаңылык – алардын эмгеги мындан ары мурдагыдан 22 пайызга көп баалана баштайт! Ошондой эле жолдуулардын тизмесинде администратор, мамлекеттик кызматкерлер дагы бар. Алардын айлыгы эми 7 пайызга көбөйдү. Бул багытта энергетикалык тармактын кызматкерлери 25,3 миң сомдук орточо айлык акы менен биринчи орунда турса, 8,6 миң сом алган фермерлер сап аягында.

Жаңылыктар түрмөгү
0