Кыргызстан ислам туризми боюнча рейтингде алдыңкы орунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропортто котокторду тосуп жаткан кыздар. Архив
Аэропортто котокторду тосуп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малайзия үч жыл катары менен биринчи орунду бербей келет. Индекске жалпысынан 130 мамлекет кирген.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстан Global Muslim Travel Index — 2017 (GMTI) ислам туризми боюнча рейтингде 25-орунду ээледи.

Коран и четки - Sputnik Кыргызстан
Адал мейманканалар жөнөкөйлөрдөн эмнеси менен айырмаланат
Ал эми Борбор Азия боюнча биринчи орунда Казакстан, экинчиде Кыргызстан, үчүнчүдө Тажикстан турат.

Сингапурдагы Crescent Rating рейтингдик агенттиги тарабынан түзүлгөн дүйнөлүк индекске 130 мамлекет кирген.

Рейтингди түзүүдө мусулмандардын эс алуусуна карата түзүлгөн шарттар каралган. Анын ичине виза алуу, намаз окуу, халал азык сыяктуу жагдайлар кирет.

Мусулман саякатчылары үчүн GMTI рейтинги боюнча эң ыңгайлуу мамлекет катары Малайзия эсептелет. Алдыңкы бешилтикке Бириккен Араб Эмираттары, Индонезия, Түркия жана Сауд Аравиясы кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0