Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

"Ош менен Бишкек шаарларында 30-31 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0