01:10 26 Кулжа 2017
Түз эфир
Жамгыр. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
120 0 0

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 20-майда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорундо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаабайт, күндүз 25…28 градуска чейин ысыйт.

Чүй, Талас облустарында 25…26 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүн табы 29 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарында 22…23 градус жылуу болот.

Тема боюнча

Ош шаарынын чоң көчөлөрүн суу каптады
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызгидромет, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ