КМШ ичинен жалгыз Кыргызстанга Европанын асманы жабык бойдон калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация "Боинг 737-800" с надписью Bubusara ("Бубусара") на носовой части лайнера
Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) на носовой части лайнера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Европа комиссиясынын "кара тизмесинен" чыга албаган жалгыз мамлекет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бүгүн Европалык комиссиянын (ЕК) сайтына Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн асманына учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын жаңыланган "кара тизмеси" чыкты.

Пилот президентского самолета Турар Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Президенттин учкучу Исмаилов: өлкө башчы ар дайым экипаждын ал-жайын сурайт
Бул жолкусунда ЕК тизмеге киргендердин санын азайытып, 193төн 181ге түшүрдү. Жаңы тизмеден Бенин менен Мозамбиктин бардык авиакомпаниялары чыгарылды.

Тилекке каршы, Кыргызстандын компаниялары дагы деле аталган тизмеде калууда. Бул Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Европага учууга мүмкүнчүлүгү жок жалгыз мамлекет дегенди түшүндүрөт.

КРден тышкары тизмеде Афганистан, Ангола, Конго, Джибути, Экватордук Гвинея, Эритрея, Габон, Индонезия, Либерия, Ливия, Непал жана Судан сыяктуу өлкөлөр бар. Көпчүлүк авиакомпаниялардын мындай абалга кептелишине өз мамлекети тарабынан көзөмөлдүн болбогону себеп.

Кыргызстанда канча учак каякка каттай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0