Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Эртең өлкө аймагында күн ысык болору болжолдонуп жатат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Эртең, 14-май күнү Кыргызстандын аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Бишкекте 32…34 градус ысык болсо, Ош шаарында күндүн табы 33…35 градуска чейин көтөрүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да күн 30…35 градуска чейин ысыса, Ысык-Көлдө 21…26, ал эми Нарын дубанында 23…28 градус жылуу болору болжолдонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0