Кайгуул милициясы: кылмыштардын саны кыскарып, жол кырсыктары азайды

© Фото / пресс-служба МВД КРНовая служба “Патрульной милиции” МВД КР в Бишкеке
Новая служба “Патрульной милиции” МВД КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 2016-жылга салыштырмалуу төмөндөгөн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жыл башынан бери кылмыш жасоо кыскарып, жол кырсыктарын азайтууга мүмкүн болгонун ИИМдин Кайгуул милиция башка башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2017-жылдын январь-апрель айларында Кайгуул милициясы жарандардан 102 линиясы аркылуу келген 12 миң 200 кайрылууга чыккан.

Снимок с видеоролика, подготовленная пресс-службой ГУПМ МВД КР, чтобы предупредить автомобилистов об опасности безответственного вождения - Sputnik Кыргызстан
Унааны учуруп айдаардан мурда, бул роликтерге көз салып коюңуз
Ошондой эле 2484 кылмыштын бети ачылып, укук бузгандарга карата 245 миң 175 протокол түзүлгөн. Алардын 232 миң 676сы жол эрежесин бузгандарга туура келет. Административдик айып салуудан 118 миллион 521 миң 329 сом чогулган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8 миллион 728 миң сомго көп.

Андан сырткары, өлкө боюнча коомдук жайларда кылмыш жасагандардын саны дээрлик 14 пайызга азайган.

Ал эми 2016-жылы катталган жол кырсыктарынын саны 2015-жылга салыштырмалуу 16 пайызга (7066дан 5868ге) азайып, каза болгондордун саны да төмөндөгөн (1060тан 938ге).

Быйыл болсо төрт айда адам өмүрүн алган жол кырсыктары 25,1 пайызга азайган (207ден 155ге). Ошондой эле жол кырсыктарынан каза болгон балдардын саны да төмөндөгөн. Жыл башынан бери 11 бала каза болсо, былтыр ушул мезгилде 36 бала каза тапкан.

Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жол кырсыктары көбөйсө, аймактарда алардын саны азайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0