Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к празднованию Нооруза
Подготовка к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралат.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ботанический сад в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө "Сакура" багы ачылды
Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй менен Талас облустарындагы айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралышы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ал эми Бишкекте 25, Ошто 22 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0