Кыргызстанда мугалимдердин пенсиясын эки эсе көбөйтүү сунушталууда

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүМугалим сабак учурунда. Архив
Мугалим сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенсияны көбөйтүү максаты — мугалимдерге карыганда жакшы шарт түзүп берүү, кесипке кызыккандарды көбөйтүү жана жаш адистерди тартуу болуп саналат.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдердин пенсиясын 2-2,5 эсеге көбөйтүү сунушталууда. Аталган мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Сунуш киргизген Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованын айтымында, мугалимдин иши чыдамкайлыкты талап кылган өтө татаал жумуш. Бирок ошол эле учурда аз айлык маяна алып, пенсиялары да төмөн чыгат.

Калькулятор жана акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көзү өткөн аялга үч жыл бою пенсия "төлөгөн" соцфондчуларга иш козголду
Мыйзам долбоорунун максаты — мугалимдерге карыганда жакшы шарт түзүп берүү, кесипке кызыккандарды көбөйтүү жана жаш адистерди тартуу болуп саналат.

Строкованын айтымында, учурда пенсиянын орточо көлөмү өлкөдө 5 173 сомду түзөт. Мындан улам мыйзам долбоору ишке ашып калса мектепте 20-25 жыл иштеген мугалим 10346 сом, 25 жылдан ашык иштеген кесип ээлери 12 933 сомдон пенсия алып калат.

Сунушта ошондой эле көбөйтүлгөн пенсияны айлык алып иштеп жаткан пенсионер мугалимдер эмес, биротоло иштен кетип пенсияга чыккандар гана ала алары жазылган.

Бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен социалдык фондго 1 миллиард 140 миллион сом керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0