Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Эртең күндүз Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкекте күндүн табы 25…27 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 26…28 градус ысык болот.

Чүй менен Талас облустарында 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарына 24…29 градус жылуу болору айтылууда. Ысык-Көлдө 15…20, ал эми Нарын облусунда 16…21 градус жылуу болору божомолдонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0