Кыргызстан "мобилдик кулчулукта" 2018-жылга чейин калмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековРегистрация SIM-карт в Кыргызстане
Регистрация SIM-карт в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюлдук операторду алмаштырганда мурдагы номерди сактап калуу жөнүндөгү мыйзам былтыр жыл башынан тарта иштеп баштамак.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Электрондук жана почта байланышы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызтелеком ААКынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызтелеком" байланыш кызматын сунуштоодо эми монополист болбойт
Мыйзамга ылайык, эгер уюлдук операторду алмаштырганда мурдагы номерди сактап калууга болмок. Документ 2015-жылы мартта кабыл алынган жана 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.

Бирок, мамлекеттик байланыш агенттиги документтер маалында даярдалбагандыктан жана техникалык маселелерден улам мыйзам күчүнө кирген эмес.

Киргизилген толуктоолорго ылайык, мыйзам эми 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0