Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Шейшемби күнү түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми Бишкек шаарында 21 градус жылуу болсо, Ошто күндүн табы 22 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0