1-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүДождливая погода в Москве
Дождливая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 1-май күнү өлкө аймагында күндүз жаан жаап, күн күркүрөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкекте күн 16…18 градуска чейин жылыса, Ош шаарында 17…19 градус жылуу болот. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 14…19 градуска чейин жогорулай турганы болжолдонуп жатат. Таласта 12…17, Ысык-Көл менен Нарын дубандарында 8…13 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0