Кыргызстанда дааватты мыйзам менен чектөө каралып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековТеспе кармап турган адам. Архив
Теспе кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт демилгелеген мыйзам долбоор ишке ашса, диний үгүтчүлөрдүн иш-аракеттерине чектөө коюлат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өкмөт тарабынан демилгеленген дааватка тыюу салган мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорго ылайык, дааватчыларга үйлөрдү кыдырып диний үгүт иштерин жасоого тыюу салынат. Мындай эрежени бузгандар административдик мыйзамдарга ылайык жоопко тартылат.

Ошондой эле мыйзам долбоор мамлекеттик экспертизадан өтпөгөн диний адабияттарды, аудио, видео файлдарды таратууга да жол бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0