Сооронбай Жээнбеков Ош жана Баткен облустарын кыдырат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦеремония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта "Токмок-автодорожный"
Церемония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта Токмок-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы иш сапардын алкагында суу каналдын ачылышына жана курулуш жүрүп жаткан спорттук мекеме менен таанышмакчы.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде Баткен жана Ош облустарына иш сапары менен барат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы иш сапардын алкагында Кадамжай районунун Актурпак айылындагы Бүргөндү каналынын ачылышына катышат. Ошондой эле жакынкы күндөрү оңдоо иштери баштала турган Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымдары менен жеринен таанышат.

Мындан тышкары, Ош шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) каржылоосу менен курулуп жаткан футбол академиясы жана бокс мектеп-интернатына барары маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0