БШК менчик телеканалдарга шайлоо алдында үгүт иштерин чагылдырууга тыюу салбайт

© flickr.com / Jonathan BrodskyГромкоговоритель. Архивное фото
Громкоговоритель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамда көрсөтүлгөндөй мамлекеттик телеканалдар сыяктуу менчик телекомпаниялар да кадимки тартипте шайлоо өнөктүгүнө катыша алат.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия менчик телеканалдарга шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууга тыюу салбайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым ЖМКлар жана интернет-басылмалары БШК жеке телекомпанияларга шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга тыюу салууну чечти деген күмөн маалыматтарды жарыялашкан. БШК мындай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып чыкты.

Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазда "жанданган" саясат. Саресеп салган серепчилер
Билдирүүгө ылайык, өлкө башчыны шайлоодо жана ага даярданууда Баш мыйзамдын "КР Президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу" беренесинин негизинде иш жүргүзүлөт.

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй мамлекеттик телеканалдар сыяктуу эле менчик телекомпаниялар да кадимки тартипте шайлоо агитациясына катыша алат. Андагы башкы талаптардын бири бардык саясий партияларга жана талапкерлерге бирдей мамиле жасоо болуп саналат.

Телекомпаниялар менчик түрүнө карабастан шайлоого катышып жаткан бардык талапкер шайлоо компанияларга эфирге чыгуу убактылары, берүүнүн көлөмү сыяктуу бирдей шартта эфир берүүгө тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0