БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда браконьерлерге карата айып пулду көтөрүү сунушталууда. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан өкмөттүн токтому коомдук талкууга коюлду.
Документтин негиздемесинде айтылгандай жаңы айып пулдун көлөмүн аныктоодо жапайы жаныбардын түрү, сейрек кездешкени, баасы, эндемикалык статусу жана башка параметрлери эске алынган.
Ошондой эле браконьерчиликти аныктап, каттоого алган егерлерди акчалай сыйлоо жагы да каралган.
Айып пулдун көлөмү өлтүрүлгөн жапайы жаныбарга жараша аныкталат. Мисалы, илбирс аткандарга 500 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин, аркарды мыйзамсыз аткандарга 400 миң сомдон өйдө айып салынат.
Андан сырткары, чет элдиктердин мыйзамсыз аткан учурлары катталса айып пулду үч эсе көбөйтүү каралган.