Кыргызстан менен терроризм бир казанда кантип "кайнай" баштады? Экс-чекисттердин пикири

Жазылуу
17 жыл ичинде дүйнөнү дүңгүрөткөн тогуз терактыда Кыргызстандын аты аталды. Акыркы күндөрү бул тенденция күчөп барат. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын кызматтардын мурдагы өкүлдөрү менен байланышып, мындай көрүнүштөр эмне менен байланыштуу экенин сурап көрдү.

Метродогу полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Петербургдагы жардырууну иликтөөгө жардамдашып жатабыз
Кечээ жакында Санкт-Петербургда теракт уюштурулуп, 14 адамдын өмүрү кыйылды. Дагы 49 адам түрдүү жаракаттарды алды. Учурда Кыргызстанда төрөлүп Россиянын жарандыгын алган Акбаржон Акрамжанович Жалилов шектүү катары каралууда. Россиянын ЖМКларына чыккан маалыматтарга караганда, шектүү акыркы алты жыл ичинде бир нече ирет паспортун алмаштырган.

Ошентип адам өмүрүн алган окуяда кайрадан "кыргыз изи" пайда болду. Мындан улам Sputnik агенттиги кыргызстандыктардын же өлкөдө туулуп кеткендердин терактыга катыштыгы бар деп шектелген учурларды эстеп көрүүнү чечти.

Эмне үчүн Кыргызстан аты терактыларда көп аталып калды?

Саны жагынан анча көп эмес элине карабай Кыргызстандын аты терактыларга байланыштуу байма-бай айтылып келет. Эксперттердин айтымында, бул эл аралык террористтик топтордун мигранттарды азгыруусуна байланыштуу. УКМК жетекчисинин мурунку орун басары Артур Медетбековдун пикири боюнча Россия, Казакстан менен Түркияда иштеген кыргызстандыктардын саны оголе көп. Мындан улам алардын канчасы экстремисттик идеяга сугарылып жүргөнүн айтуу кыйла кыйын.

"Башка мамлекеттердин бийлиги экстермисттик идеяга берилген адамдарды бир нече критерий менен карайт. Борбордук Азиядан баргандар №1 категорияга кирет. Бул топко негизинен Кыргызстан, Өзбекстан, Россия жана Тажикстандын жарандары кирет. Аларга коюлган кине буга чейинки анализден улам коюлуп келет", — деди Медетбеков.

УКМКнын ардагери Алишер Абдесов көбүнчө жумушу жоктор жана караңгы адамдар көбүрөөк азгырууга туш болорун белгилейт. Аларды ар кайсы өлкөдөгү, ошондой эле Европа мамлекеттериндеги террористтик ячейкалар бат эле өзүнө тартып алат.

Цветы в память о погибших в метро Санкт–Петербурга - Sputnik Кыргызстан
Петербургда теракт жасоого шектелген Жалиловдун сөөгүн жакындары тааныды
"Чет жакка барган кыргызстандык жаран радикалдардын таасиринен тыш болот деп эч ким кепилдик бере албайт. Аны керек болсо мечитти жардырып ие тургандай кылып "бурап" койсо болот. Ал эми мечитте эч кандай металл детекторлору жок да: кирип барган киши кнопканы басып, жардырып салса болот. Демек, Кыргызстандын бийлиги коопсуздук маселесине олуттуу мамиле жасашы керек", — деди Абдесов.

Адистердин айтымында, радикалдык маанайдагы жарандар Кыргызстанга кайтып келип, чабуулга өтүшү мүмкүн. Өзгөчө кооптуулук жалгыз жүргөн террорчулар тарабынан болот. Улуттук коопсуздук боюнча органдарынын мурунку кызматкерлери жергиликтүү чекисттерге агентура жаатындагы ишти күчөтүүнү, интернет аркылуу жайылган радикалдык маанайдагы билдирүүлөрдү эске алууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0