Апрель айында газдын баасы 10-12 тыйынга арзандады

© AFP / BARBARA SAX Газ оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр оттун наркы доллардын ай башындагы курсуна жараша түзүлөт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Апрель айында газдын баасы 10-12 тыйынга арзан болорун "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

"Көгүлтүр оттун бир куб метрине болгон баа калк үчүн 14,37 сомду түзсө, өнөр жай, коммерциялык ишкана жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,62 сомду түздү. Нарк бардык салыктардын эсеби менен белгиленген", — деп айтылат маалыматта.

Газ түтүгүн орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ташкент — Бишкек — Алматы" газ түтүгү. Курулуштун II этабы аяктоо алдында турат
Мындан улам эл үчүн газдын баасы 10 тыйынга, ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 12 тыйынга арзандаган.

Талапка ылайык, көгүлтүр оттун наркы Улуттук банк тарабынан ар бир айдын башына карата түзүлгөн доллардын курсуна байланыштуу белгиленет. 1-апрелге карата доллар 58,57 тыйынга бааланса, бир ай мурун 60 тыйынга жогору болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0