Кыргызстанда бала бакчага барган наристелердин саны өстү

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБала бакчадагы өспүрүм. Архив
Бала бакчадагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары Кыргызстанда 300гө жакын бала бакча ачылды. Учурда өлкө боюнча 1200 бала бакча бар.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Республика боюнча бала бакчага барган наристелердин саны 1,4 эсеге өскөнү 2013-2017-жылдарда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу программасынын алдын ала жыйынтыгында белгилүү болду.

Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелери 2015-2016-окуу жылы 2012-2013-окуу жылына салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Тагыраагы, 819 болсо ушу тапта 1 186 бала бакча иштейт.

"Бала бакчага барган наристелердин саны дагы ушул аралыкта 1,4 эсеге көбөйдү. Үч-төрт жыл мурун 115,8 миң бала барса, бүгүн мектепке чейин билим берүү мекемелеринде 161,4 миң бала тарбияланууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында ушул тапта Кыргызстанда мектеп курагына чейин наристелердин 19,9 пайызы менчик же мамлекеттик бала бакчаларга барары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0