Шаршембиге карата аба ырайы

© пресс-служба мэрии города БишкекПраздничное оформление центральной площади Ала-Тоо
Праздничное оформление центральной площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаап, калган аймактарда күн ачылат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы 18-20 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0