Аймактардагы кардын калыңдыгы эки карыштан эки метрге чейин болууда

© Фото / Зульфия ТургуноваЧаткалдагы жаган калын кар. Архив
Чаткалдагы жаган калын кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаздын экинчи айы башталарына аз калса да, Кыргызстандын айрым аймактарында дагы деле сууктун тумшугу сына элек.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Быйыл кар калың жаап, аба температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүүдө.

Кыргызгирометтин өлкө аймагындагы станцияларынан 27-мартка карата алынган маалыматтар боюнча кардын калыңдыгы төмөнкүдөй:

  • Төө-Ашуу станциясы — 181 сантиметр;
  • Жалал-Абад, Чаткал станциясы — 83 сантиметр;
  • Ош, Сары-Таш станциясы — 81;
  • Ысык-Көл, Чоң-Ашуу станциясы – 53 сантиметр;
  • Нарын, Ат-Башы станциясы — 36 сантиметр кар бар.

Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Транспорт министрлигинин төрт кызматкери көчкү алдында калып каза болду
Кыргызгиромет 27-28-мартта жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертет.

Ошондой эле Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунда дагы кар күрткү түшүшу ыктымал. Андан сырткары, Бишкек — Нарын — Торугат жолунун Долон ашуусунда, Каракол — Эңилчек жолунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн.

Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0