Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг

Жазылуу
Өлкөдө ар бир төрт мүнөт сайын бирден ымыркай жарык дүйнөгө келет экен!

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстандын кайсы дубанында балдар көп төрөлгөнүн Улуттук статистикалык комитет аныктап чыкты. 

Кыргызстандын көп балалуу региондору
Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын көп балалуу региондору

Маалыматка ылайык, көп балалуу аймактын алдыңкы катарында Ош облусу турат. 2016-жылы бул жерде ар бир төртүнчү кыргызстандык жарык дүйнөгө келген. Ош балдардын калк санына жараша төрөлүшү боюнча да биринчи орунда турат: миң кишиге 24 наристе туура келет. 

Кыргызстанда канча ымыркай төрөлгөн
Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда канча ымыркай төрөлгөн

Экинчи орунда — Баткен облусу: ар бир миң кишиге 23,7 ымыркай туура келип, былтыр бул аймакта 11800 бала жарыкка келген.

Праздничный концерт в честь Дня матери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бактылуу өлкөлөр рейтингинде 13 позицияга артка чегинди
Үчүнчү болуп Жалал-Абад облусу турат. Былтыр бул дубанда 24 миң наристе төрөлүп, миң кишиге 21 ымыркай туура келери аныкталган.

Балдар эң аз төрөлгөн аймак деп Чүй облусу аталды — миң кишиге 18,4 наристе туура келет.

Жалпы жонунан былтыр Кыргызстанда 124 685 ымыркай төрөлгөн. Ал эми мурдагы жылы бул көрсөткүч 4 миңге (128 644) көбүрөөк болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0