Европа Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн эшигин жапты. ЕБдин кара тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен учактары Европанын аба майданында каттоого тыюу салынган жалгыз өлкө.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Европа комиссиясынын сайтына жаңыртылган "кара тизме" чыгарылды. Анда Европа биримдигине мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн аба майданы аркылуу учууга тыюу салынган компаниялардын тизмеси жарыяланган. Кыргызстандык авиакомпаниялар бул тизмеге кайрадан кирип калды.

"Кара тизме" катарында Кыргызстанда катталган 13 авиакомпания турат:

  • Air Bishkek;
  • Air Manas;
  • Avia Traffic Company;
  • Central Asian Aviation Services (CAAS);
  • Heli Sky;
  • Air Kyrgyzstan;
  • Manas Airways;
  • S Group International;
  • Sky Bishkek;
  • Sky Kg Airlines;
  • Sky Way Air;
  • Tez Jet;
  • Valor Air.

"Кара тизмеге" жалпысынан 193 фирма кирген. Алардын катарында Кыргызстан, Афганистан, Ангола, Бенина, Конго, Жибути, Габона, Индонезия, Ливия, Мозамбика, Непал жана Судан бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0