Нооруз күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ноорузда өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Нооруздун алдында Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянты кооздолуп жатат - Sputnik Кыргызстан
Ноорузга карата кооздолуп жаткан "Ала-Тоо" аянтынан алынган ирмемдер
Маалыматка ылайык, Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Борбор калаада күндүн табы 10-12 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто 15 градуска чейин жылуу болот.

Чүй өрөөнүндө 8…13 градус жылуу, Таласта 7…12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 12…17, Ысык-Көлдө 2…7 градус жылуу болсо Нарында —1…-6 градус суук болот.

Нооруз күнү Бишкекте өткөрүлчү майрамдык иш-чаралардын картасын Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0